Бишкек, 05.03.25. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада 8 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- Бишкек шаарында – 2;
- Ош шаарында – 1;
- Ош облусунда – 1;
- Чүй облусунда – 2;
- Баткен облусунда – 2.
Тилсиз жоону өчүрүүгө 10 күжүрмөн эсеп тартылган. Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан чыгуу болгон жок.