Кыргызстанда 3 жылда жер мунапысы боюнча 150 миңден ашуун арыз келип түшкөн

Коом Загрузка... 11 Февраль 2025 18:14
WhatsApp Image 2025-02-11 at 15.12.15 (1).jpeg
copyright icon www

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 11.02.25. / Кабар/. Жер мунапысы боюнча кампания башталгандан бери өлкө боюнча турак үйлөр салынган жерди мыйзамдаштырып берүүнү өтүнүп 150 миңден ашуун арыз жазылган.Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Жер ресурстары,кадастр,геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Жер кадастры, каттоо жана чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башкы адиси Ринат Алыкулов билдирди.

Ал белгилегендей, учурда 40 миң 648 үйгө паспорт, ошондой эле 61 миң 279 жер тилкесине жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылар берилди.

“2022-жылдын апрель айында президенттин демилгеси менен жер мунапысы жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, 2022-жылдын 31-майында министрлер кабинети тарабынан жобо кабыл алынып, токтом менен бекиген. Ушул мыйзам күчүнө киргенден тартып бардык аймактарда жер мунапысын жүргүзүү иштери башталган. Ошондой эле жер мунапысын жүргүзүү боюнча атайын коммисия түзүлгөн. Алар документи жок, бирок үй салынып калган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча иш алып барышууда”,-деди ал.

Анын айтымында, жерди мыйзамдаштыруу ишиндеги негизги көйгөй кызыл сызыкта жайгашкан жерлерде болуп жатат.

“Учурда жер мунапысына байланыштуу маселелерди чечүү ишине жогорку деңгээлде маани берилип, бардык аспектилер каралып жатат”,-деди ал.