Кыргызстан туризм тармагында кызматташууда жаңы горизонтторду ачат

Туризм 8539 11 Март 2025 16:25
519a381249fab4d5df0452eac6d05.max-1920x1080.format-webp.webp
523a141f-a396-3558-8b73-6cfb9.max-1920x1080.format-webp.webp
2fa6e32c-1ebd-36b2-99a3-6b877.max-1920x1080.format-webp.webp
91d4c92d-2542-3728-aa4d-16ea5.max-1920x1080.format-webp.webp
561a1669-375b-3425-a669-ba753.max-1920x1080.format-webp.webp
5cd10d56-7f19-30c9-99ba-54b57.max-1920x1080.format-webp.webp
6adc3142-4726-35f7-9de8-a1464.max-1920x1080.format-webp.webp
0af00d2c-cbfb-3989-bb4f-2b648.max-1920x1080.format-webp.webp
bfb90313-5723-38c0-9f2b-2748e.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 11.03.25./Кабар/. 10-мартта Брюсселде Кыргыз Республикасынын Бельгиядагы элчилиги «Turkish Airlines» жолдорунун Брюсселдеги кеңсеси, КРнын Туризмди өнүктүрүү фонду жана Кыргызстандын туристтик уюмдар ассоциациясы (КАТО) менен биргеликте Бенилюкс өлкөлөрүндө Кыргызстандын туристтик жана инвестициялык потенциалын жайылтуу максатында иш-чара өткөрдү.

Иш-чаранын расмий бөлүгүндө элчи А.Эркин, Туризмди өнүктүрүү фондунун вице-президенти А.Алиев, “GIZ” өкүлү С.Исаева, КАТО өкүлү С.Мидин, «Turkish Airlines» өкүлү А.Коктен, ошондой эле ишкер жана академиялык чөйрөлөрдүн өкүлдөрү сөз сүйлөштү.

Белгиленгендей, катышуучулар Кыргызстандын туристтик жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып, болочок бизнес өнөктөштөрүн табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында Кыргызстан тарабынан глобалдык платформаларда тоо маселесин көтөрүү боюнча демилгелер сунушталып, ага тоо экосистемаларын сактоо, туруктуу туризм жана тоолуу аймактарды өнүктүрүү маселелери кирди.