"Жай-2026": Кыргызстан Россиядагы туристтик көргөзмөгө катышты

Туризм Загрузка... 08 Апрель 2026 09:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 08.04.26. /Кабар/. Кыргызстан Россиянын Екатеринбург шаарындагы Дүйнөлүк соода борборунда өткөн "Жай-2026" эл аралык туристтик көргөзмөсүнө катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, көргөзмөдө Туризм департаменти тарабынан Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун колдоосу менен өлкөнүн туристтик потенциалы тааныштырылды.

Бул жылы Кыргызстан өзүнүн бай маданий мурасын, уникалдуу жаратылыш кооздуктарын, ошондой эле жыл бою туризмди өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн сунуштады. Көргөзмөнүн алкагында улуттук стенд уюштурулуп, анда презентациялар өткөрүлдү, ошондой эле маалыматтык-жарнамалык буклеттер жана жол көрсөткүчтөр таратылды.

Көргөзмөгө туристтик бизнестин өкүлдөрү да катышты. Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында кыргыз туроператорлорунун байланыштарын түзүүгө жана туризм тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган панелдик сессиялар жана бир катар ишкердик жолугушуулар өткөрүлдү.