Кыргызстан менен Зимбабве саясий диалогду күчөтүүнү макулдашты

Саясат 7 сентябрь 2026 15:20
799525864_1079007184850886_8144543771127132348_n.jpg
799427856_925632120137016_6325180109292507685_n.jpg
799772003_1083969680656721_8833862465196713938_n.jpg
798786845_1445365000980269_1963712000184350516_n.jpg
798825891_1433596178740416_5209422952911816902_n.jpg
Алдыга
Артка
799525864_1079007184850886_8144543771127132348_n.jpg
799427856_925632120137016_6325180109292507685_n.jpg
799772003_1083969680656721_8833862465196713938_n.jpg
798786845_1445365000980269_1963712000184350516_n.jpg
798825891_1433596178740416_5209422952911816902_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon ТИМ

Бишкек, 07.09.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Кыргызстан менен Зимбабвенин ортосундагы эки тараптуу мамилелердин тарыхында алгачкы жолу тышкы саясий ведомстволор аралык саясий консультациялар өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Ага кыргыз тараптан тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов, Зимбабве тараптан Тышкы иштер жана эл аралык соода министрлигинин туруктуу катчысы Альберт Чимбинди жетекчилик кылды.

Тараптар саясий диалогду чыңдоо, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана практикалык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Өзгөчө соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө, геология, туризм жана санариптештирүү тармактарында тажрыйба алмашууга көңүл бурулду. Ошондой эле Кыргызстан менен Зимбабвенин 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлөрү болуп шайланышына байланыштуу Кеңештин алкагындагы кызматташтык маселелери каралды.

Жыйынтыгында тараптар саясий консультацияларды үзгүлтүксүз өткөрүүгө жана жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу аркылуу кыргыз-зимбабве мамилелерине жаңы дем берүүгө кызыкдар экенин билдиришти.