Бишкек, 17.02.25. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Вьетнамдын тышкы иштер министринин орун басары Ле Тхи Тху Ханг менен телефон аркылуу сүйлөштү.
КР ТИМден билдиришкендей, тараптар эки өлкө ортосундагы саясий, экономикалык жана соода алакаларын активдештирүү, анын ичинде жогорку жана эң жогорку деңгээлде иш сапарларды жана иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү маселелерин талкуулашты.
Мындан тышкары, тараптар келишимдик-укуктук базаны мындан ары кеңейтүүгө даярдыгын ырасташты жана алдыдагы сапарлардын алкагында диалогду улантууга макулдашты.