Бишкек, 05.02.25./Кабар/. Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси Азизбек Мадмаров Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нокергулы Атагулыев менен жолугушту.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Түркмөнстандын соода-экономикалык кызматташтыгынын өткөн жылдагы жыйынтыктарын чыгарып, бул багытта кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечектүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Элчи Мадмаров Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-түркмөн комиссиянын 6-жыйынынын чечимдерин иш жүзүндө ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, биргелешкен инвестициялык долбоорлор боюнча, анын ичинде Кыргыз-Түркмөн өнүктүрүү фондун түзүү маселеси боюнча макулдашууларга басым жасады.
Ошондой эле элчи эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палаталарынын ортосундагы кызматташтыкты активдештирүүнүн зарылдыгын белгилеп, Кыргызстан Соода-өнөр жай палатасынын апрель айында кыргыз ишкерлеринин Түркмөнстанга таанышуу бизнес-турун уюштуруу демилгеси тууралуу маалымат берип, бул иш-чараны өткөрүүгө көмөк көрсөтүүнү суранды.
Өз кезегинде, Нокергулы Атагулыев биргелешкен иштерди активдештирүүгө кызыкдар экенин ырастап, эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды мындан ары кеңейтүүгө толугу менен көмөктөшөрүн билдирди.
Ошондой эле ал Кыргызстандын ишкерлерин Түркмөнстан Өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун түзүлгөндүгүнүн 17 жылдыгына арналган көргөзмөгө жана "Түркмөнстандын келечегине инвестициялар" аттуу жеке секторго инвестиция тартуу боюнча эл аралык форумга катышууга чакырды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө боюнча умтулуусун дагы бир жолу ырастап, үзгүлтүксүз байланыштарды колдоого даяр экендиктерин билдиришти.