Кыргызстан менен Россиянын соода жана өнөр жай тармагындагы кызматташтыгы кеңейүүдө

Экономика Загрузка... 29 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 29.01.25. /Кабар/. Күн мурун экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлү Айнур Саманов менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана өнөр жай кооперациясын чыңдоо боюнча негизги маселелер, анын ичинде Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлор талкууланды.

Тараптар өнөр жай боюнча жумушчу топтун жана өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында биргелешкен ишти активдештирүүнү макулдашып, 2025-жылы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана өнөр жай кооперациясын чыңдоого багытталган биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнүн келечегин белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен долбоорлор эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана экономика тармактарына алдыңкы технологияларды киргизүүгө негиз болоруна ишеним билдиришти.