Бишкек, 06.04.26. /Кабар/. Казань шаарында өткөн “Энергопром” форумунда энергетика министри Таалайбек Ибраев менен Россиянын энергетика министри Сергей Цивилев жаңы келишимге кол коюшту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул келишим аркылуу Кыргызстан үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр ачылат: заманбап технологиялар келет, адистердин тажрыйба алмашуусу күчөйт жана биргелешкен өндүрүш түзүлөт.
Таалайбек Ибраевдин пикиринде, бул келишим энергетика тармагын сапаттуу жаңы деңгээлге чыгарат.
Сергей Цивилев бул документти стратегиялык мааниге ээ экенин белгилеп, ал узак мөөнөттүү келишимдерге негиз боло турганын айтты.
Мындан тышкары, ал технология алмашуу жана өндүрүштөрдү биргелешип жайгаштыруу да караларын кошумчалады.
Форумдун алкагында башка КМШ өлкөлөрү, анын ичинде Беларусь менен да өнөр жай мүмкүнчүлүктөрү талкууланып, келечекте бирдиктүү технологиялык мейкиндик түзүү демилгеси көтөрүлдү.