Кыргызстан менен Омандын ортосунда түз аба каттамын ачуу маселеси талкууланды

Загрузка... 13 Февраль 2025 13:31
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 13.02.25. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Омандын "Salam Air" авиакомпаниясынын аткаруучу директору Тарек Миран Аль-Раиси менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу Жээнбек Кулубаевдин өлкөгө болгон расмий сапарынын алкагында өттү.

Жолугушуу учурунда министр Кыргызстандагы авиация тармагынын өнүгүүсү, анын ичинде жаңы эл аралык аэропорттордун курулушу жана модернизацияланышы тууралуу маалымат берди. Ушуга байланыштуу авиакомпаниянын буга чейинки Кыргызстан менен Омандын ортосунда чартердик каттамдарды аткаруу тажрыйбасын эске алуу менен, түз аба каттамдарын ачуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.

Өз кезегинде "Salam Air" авиакомпаниясынын аткаруучу директору Тарек Миран Аль-Раиси Кыргызстандагы авиациянын өнүгүүсү тууралуу маалыматты жогору баалады.

Ал эми авиакомпания Кыргызстан менен Омандын ортосунда чартердик каттамдарды жандандырууга жана туруктуу түз авиакаттамдарды орнотууга кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүү, анын ичинде тиешелүү укуктук-ченемдик базаны даярдоо тууралуу келишимге келишти.

Маалымат үчүн: Salam Air компаниясы 2016-жылы Оман Султанатында негизделген. Бул – өлкөдөгү алгачкы бюджеттик авиакомпания болуп, "Masqat National Development and Investment - Asas" компаниясына толугу менен таандык.

Компания 13 Airbus A320 учагынан турган авиапаркка ээ жана Омандын ичинде 6 ички, ошондой эле 18 өлкөнүн 37 шаарына эл аралык каттамдарды аткарат. 2022 жана 2023-жылдары Salam Air Омандын эң ишенимдүү бренди деп табылган.

Компаниянын башкы кеңсеси Маскат шаарында жайгашкан, ал эми байланыш борборлору Салалада, Дубайда, Карачиде, Сиалкотто, Мултанда (Пакистан), Дохада, Иранда, Катмандуда (Непал), Даккада (Бангладеш), Жиддада, Эр-Риядда, Египетте, Кувейтте жана Түркияда иштейт.