Кыргызстан менен АКШнын ортосунда түз авиакаттамдарды ачуу сунушталды

Президент 20 сентябрь 2026 13:50
Кыргызстан менен АКШнын ортосунда түз авиакаттамдарды ачуу сунушталды
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 20.09.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен АКШнын ортосунда түз авиакаттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга көңүл бурду. Бул тууралуу мамлекет башчысы АКШга болгон иш сапарынын алкагында Солт-Лейк-Сити шаарындагы Капитолий имаратында Юта штатынын губернатору Спенсер Кокс жана Сенатынын президенти Стюарт Адамс менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Жолугушууда тараптар кыргыз-америка кызматташтыгын кеңейтүү, анын ичинде тоо-кен тармагы, туризм, билим берүү жана финансы жааттарында биргелешип иш алып баруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Стюарт Адамс Юта штатынын экономикалык потенциалы жогору экенин жана тоо-кен тармагында чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров губернатор Спенсер Коксту өзүнө ыңгайлуу убакта Кыргызстанга сапар менен келүүгө чакырды. Губернатор чакырууну жылуу кабыл алды.