Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. Бүгүн Пекин шаарында президент Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында энергетика чөйрөсүндө инвестициялык келишимдер түзүлдү.
Тактап айтканда, КР министрлер кабинети менен Shenzhen Energy Group Co., Ltd. кытай компаниясынын ортосунда Инвестициялык келишимге кол коюлду. Документте Кыргызстандын аймагында кубаттуулугу 300 МВт шамал электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо каралган.
Мындан тышкары, Shenzhen Energy Group Co., Ltd. менен дагы бир Инвестициялык келишим түзүлдү, ал кубаттуулугу 300 МВт күн электр станциясын түзүүгө багытталган.
Бул келишимдер Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы энергетикалык кызматташтык үчүн жаңы перспективаларды ачып, энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө, инвестицияларды тартууга жана республиканын энергетикалык коопсуздугун чыңдоого өбөлгө түзөт.