Бишкек, 18.09.26 /Кабар/. Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев Кытай тараптын бир катар жогорку деңгээлдеги өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү.
Президенттин администрациясынан билдиришкендей, жолугушуу Кытайдын Үрүмчү шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) 2026-жылдагы Санариптик экономикалык форумунун алкагында орун алды.
Мамлекеттик катчы Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Пропаганда бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Кытайдын Медиа корпорациясынын (China Media Group) директору жана башкы редактору Шэнь Хайсюн менен жолугушуп, кыргыз-кытай маалыматтык, маданий жана гуманитардык кызматташтыгын мындан ары кеңейтүү маселелерин талкуулады.
Тараптар эки өлкөнүн тарыхый жана маданий мурастарын кеңири жайылтууга багытталган медиадолбоорлорду ишке ашыруунун, анын ичинде биргелешкен кинодолбоорлорду даярдоо жана кино тартуу мүмкүнчүлүктөрүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.