Кыргызстан менен Корея парламенттик дипломатияны күчөтөт

Жогорку Кеңеш 2893 30 Март 2026 13:36
659065325_1257121973267689_8297993768290277919_n.jpg
663272002_1257121779934375_3161507155203070753_n.jpg
660291756_1257121969934356_1406695280835784170_n.jpg
657422562_1257121803267706_921584378516412923_n.jpg
657303071_1257121759934377_2910986318998718927_n.jpg
658387352_1257121789934374_7451036921411418915_n.jpg
657249629_1257121756601044_1017733984112053836_n.jpg
Алдыга
Артка
659065325_1257121973267689_8297993768290277919_n.jpg
663272002_1257121779934375_3161507155203070753_n.jpg
660291756_1257121969934356_1406695280835784170_n.jpg
657422562_1257121803267706_921584378516412923_n.jpg
657303071_1257121759934377_2910986318998718927_n.jpg
658387352_1257121789934374_7451036921411418915_n.jpg
657249629_1257121756601044_1017733984112053836_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 30.03.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кореянын Улуттук ассамблеясынын Эл аралык иштер жана бирикмелер боюнча комитетинин төрагасы Ким Сок Гини кабыл алды. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу үчүн парламенттик дипломатияны күчтөндүрүү зарылчылыгы белгиленип, тармактык комитеттердин байланышын өнүктүрүү тууралуу сөз болду. Марлен Маматалиев Кыргызстан менен Корея соңку жылдары бардык багыттарда жигердүү кызматташып келе жатканын айтты.

"Бул жолугушуу калыптанган алакаларды тереңдетүүгө өбөлгө түзүп, өнөктөштүктү өрчүтүүгө багытталган сунуш-пикирлерди талкуулоого көмөкчү болот деген ишеничтемин. Анткени парламенттик дипломатия — мамлекеттер аралык байланыштарды чыңдоонун башкы куралы. Ошондуктан Жогорку Кеңеш Корея Республикасы менен кызматташууга артыкчылык берип, 22 депутаттан турган достук тобун түздүк", — деди ал.

Ошондой эле төрага "Борбор Азия + Корея" форматындагы жыйындар ийгиликтүү өткөрүлүп келе жатканын кошумчалады. Муну менен катар соода-экономикалык байланыштарды бекемдөө учур талабы экенин айткан Марлен Маматалиев Кыргызстан экологияны, айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттык өзгөрүүлөрдү жөнгө салуу маселесине өзгөчө көңүл буруп жатканын билдирди.

"Биз Корея Республикасы менен аталган багыттарда тажрыйба алмашып, кызматташууга кызыкдарбыз. Айрыкча тоолуу региондор боюнча "Бишкек+25" II глобалдык саммитине активдүү катышууга чакырабыз", — деди Маматалиев.

Ал эми Кореянын Улуттук ассамблеясынын комитет төрагасы Ким Сок Ги Борбор Азияга багытталган бул иш сапарында Кыргызстанга артыкчылык берилгенин баса белгилеп, парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатышканын кошумчалады. Ошону менен катар түз аба каттамынын ачылышы жарандар ортосундагы алакаларды арттырууга чоң өбөлгө түзүп жатканын айткан Ким Сок Ги кореялыктар Кыргызстандын кооз табиятына кызыгарын, андыктан туризм багытындагы өнөктөштүктү да өрчүтүү керектигин айтты.