Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт башчылары эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулады

Министрлер кабинети Загрузка... 30 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 30.01.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы-президентиик администрациянын жетекчиси Адылбек Касымалиев Казакстан Республикасына жасаган иш сапарынын жүрүшүндө Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен жолугушту. Жолугушуу Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында өттү.

МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев меймандостугу жана жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирип, президент Садыр Жапаровдун атынан Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге жылуу саламын жолдоду.

"Казакстан-биздин жакын коңшубуз, боордош мамлекет жана негизги соода өнөктөшүбүз. 2024-жылы кыргыз-казак мамилелеринде мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнүн бардык чөйрөлөрүндө бир катар маанилүү окуялар болду. Эки тараптуу мамилелер өнүгүүнүн жаңы баскычына көтөрүлдү. Биз сиздер менен мындан ары да болгон келишимдерди ишке ашыруу жана кыргыз-казак мамилелерин өнүктүрүүдө жаңы жыйынтыктарга жетүү үчүн күч - аракетибизди жумшайбыз деп ишенем", - деди Адылбек Касымалиев. 

Өз кезегинде Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы кызматына Адылбек Касымалиевди дайындалышы менен куттуктап, жооптуу мамлекеттик кызматта мындан аркы ийгиликтерди каалады. Олжас Бектенов жакын арада Казакстанга келип кетүүгө чакырып, казак-кыргыз стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерин мындан ары да бекемдөөгө умтуларын билдирди. 

Тараптар жетишилген макулдашууларды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун 2024-жылдын 18-19-апрелиндеги Казакстанга расмий сапарынын алкагындагы жогорку деңгээлдеги макулдашуулардын аткарылышын талкуулашты.

Эки өлкөнүн өкмөт башчылары эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү мындан ары бекемдөөнүн маанилүүлүгүн өз ара баса белгилешти жана биргелешип ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.