Бишкек, 30.01.25. / Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын элчиси Турдакун Сыдыков Ирандын өнөр жай, кен жана соода министринин орун басары – Сооданы өнүктүрүү уюмунун жетекчиси Мохаммад Али Дехган Дехнави менен жолукту.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктын, экспорттук-импорттук мамилелердин учурдагы абалын талкуулап, өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнүн деңгээлин жогорулатуунун жолдорун талкуулады.
Элчи Сыдыков биргелешкен иш-аракеттер планын, анын ичинде 2023-жылдын октябрь айында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Ирандын Өкмөттөр аралык комиссиясынын 13-отурумунун Протоколун ишке ашыруу максатында иштеп чыгууну сунуштады. Ал Бишкекте жана Тегеранда соода үйлөрүн түзүү, Кыргызстан менен Ирандын экспорттук продукцияларынын өз ара көргөзмөлөрүн уюштуруу иштерин тездетүү зарылдыгына көңүл буруп, иран компанияларын ар кандай инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга катышууга, Кыргызстанда биргелешкен ишканаларды жана өндүрүш линияларын ачууга чакырды.
Өз кезегинде Дехган Дехнави кыргыз тараптын сунуштарын колдоп, эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда түз байланыштарды түзүү, ошондой эле Кыргызстандын бизнес-делегацияларынын, ишкерлеринин жана компанияларынын Тегеранда өтүп жаткан ар кандай эл аралык соода көргөзмөлөрүнө катышуу маселеси боюнча көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана өз ара сооданын деңгээлин жогорулатууга биргелешкен күч-аракеттерди жумшоону макулдашты.