Кыргызстан менен Габон соода-экономикалык алакасын арттырат

Коом 25 сентябрь 2026 11:10
Кыргызстан менен Габон соода-экономикалык алакасын арттырат
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 25.09.26. /Кабар/. Нью-Йорк шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Габондун тышкы иштер жана кызматташтык, интеграция жана диаспора маселелери боюнча министри Мари-Эдит Тассила-Е-Думбенени менен жолугушуу өткөрдү.

Ведомстводон билдиришкендей, тараптар эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин, анын ичинде саясий диалогду өнүктүрүү, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү жана региондук жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Кыргызстандын 2027–2028-жылдары БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги алдыдагы ишмердигинин алкагындагы кызматташуу маселелерине өзүнчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында министрликтер ортосунда саясий консультацияларды өткөрүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Тараптар эл аралык уюмдардын алкагында конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга жана өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендигин ырасташты.