Бишкек, 14.09.26 /Кабар/. Финансы министри Руслан Сүйналиев Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Наджи Бенхассин менен жолугушту.
Ведомстводон билдиришкендей, тараптар эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана аны кеңейтүүнүн келечегин талкуулады.
Жолугушууда министр 2026-жылдын жети айында өлкөнүн ички дүң өнүмү 11,1% өскөнүн, мамлекеттик бюджет профицит менен аткарылып жатканын белгиледи.
Мындан тышкары, тараптар Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорун ишке ашыруу, мамлекеттик бюджетти колдоо жана МАР-21 программасынын алкагындагы кошумча каржылоо маселелерин талкуулашты. Ошондой эле айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган AgriConnect демилгеси боюнча кызматташууну активдештирүү маселеси каралды.
Тараптар ошондой эле, мамлекеттик башкарууну жана мамлекеттик финансыны башкаруу системасын жакшыртуу, ошондой эле ишкердик чөйрөнү өнүктүрүү боюнча реформаларды улантуу зарылдыгын белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана жаңы ири долбоорлор аркылуу кызматташтыкты кеңейтүү макулдашылды.