Бишкек, 27.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча улуттук мыйзамдардын жана механизмдердин аткарылышына 2027-жылы кезектеги эл аралык баалоо жүргүзүлөт. Бул маселе Парижде өткөн Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (ЭКӨУ) жыйынында талкууланды.
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 25-26-ноябрда өткөн жыйынга Башкы прокурордун орун басары Залкарбек Акназаров жетектеген кыргыз делегациясы катышты.
Жыйында 2027-2030-жылдарга карата коррупцияга каршы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары жана мониторинг жүргүзүү усулдарын өркүндөтүү маселелери каралды. Кыргыз тарап ЭКӨУнун сунуштамаларынын аткарылышын баалоонун маанилүүлүгүн белгилеп, уюмдун өкүлдөрүн 9-декабрда Бишкекте өтө турган Коррупцияга каршы эл аралык форумга чакырды.
Ошондой эле ЭКӨУнун жана Коррупцияга каршы эл аралык академиянын өкүлдөрү менен жолугушууларда алдыдагы баалоого даярдык көрүү, эксперттик колдоо, прокуратура кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.