Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Кыргызстанга импорттолгон 300 тоннага чейинки какао порошогу бажы алымынан бошотулду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чечим Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйынында кабыл алынды.
Бул чечим шоколад, кондитердик, нан, сүт азыктарын, суусундуктарды жана кургак аралашмаларды өндүрүү үчүн керектүү чийки зат менен ички рынокту камсыздоого мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, ШКУнун мамлекет башчыларынын кеңешинин иш-чараларын жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү үчүн зарыл болгон товарлардын жеңилдетилген тизмесин кеңейтүү боюнча Кыргызстандын сунушу да колдоо тапты.