Ташкент, 10.04.25. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев күн мурун экономикалык маселелерге арналган жыйында дүйнөлүк каржы рынокторундагы соңку туруксуз абал өлкөнүн экономикасы үчүн олуттуу коркунуч экенин эскертти, деп билдирди өлкө башчысынын басма сөз кызматы.
Мамлекет башчысынын айтымында, азыркы глобалдык терс тенденциялар инвесторлор үчүн ири жоготууларга алып келүүдө жана бул Өзбекстанды да айланып өтпөйт.
"Бул өзгөрүүлөр бизге таасир этпейт деп ойлогондор терең жаңылышат. Анткени, дал ушул каражаттар өлкөгө инвестиция, кредит же евробонд түрүндө түшмөк", — деди президент.
Мирзиёев бардык деңгээлдеги акимдерге жана өкмөттүн экономикалык блогуна экономиканын туруктуулугун сактоо, өндүрүш көлөмүн, жумушчу орундарды жана экспортту камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүнү тапшырды. Ошондой эле жергиликтүү деңгээлде кырдаалды ырааттуу түрдө талдап, ыкчам чечим кабыл алууну маанилүү деп белгиледи.
Серепчилердин баамында, дүйнөлүк рыноктогу абалды АКШ менен Кытайдын ортосундагы соода тиреши да татаалдатууда. АКШ Өзбекстандан келген товарларды кошкондо, бир катар импорттук продукцияларга жаңы тарифтерди киргизди. Кытай болсо өз кезегинде америкалык товарларга болгон бажы алымдарын жогорулатып, кырдаалды мындан ары да курчутту.