Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Чехиянын транспорт министри Иван Беднарик менен жолугуп, транспорт жана логистика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулады.
Ведомствонун маалыматына караганда, жолугушууда транспорттук инфраструктурага чех инвестицияларын тартуу, автомобиль жолдорун куруу жана жаңылоо, темир жол тармагын өнүктүрүү, ошондой эле эл аралык жүк ташууларды жеңилдетүү маселелери каралды.
Мындан тышкары, тараптар жаңы транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, логистикалык борборлорду түзүү жана санариптик технологияларды киргизүү боюнча пикир алмашты. Кыргызстан менен Чехиянын ортосунда эл аралык автомобиль каттамдары жөнүндө эки тараптуу келишим иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү да талкууланды.