Кырчында ордо оюну боюнча мелдештер өтүүдө

Көчмөндөр оюндары-2026 3 сентябрь 2026 15:30
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 03.09.26. /Кабар/. Кырчында ордо оюну боюнча мелдештер өтүүдө.

“Кабар” агенттигине ордо оюну боюнча калыс Мелис Музаев билдиргендей, экинчи күндөн бери беттештер болуп жатат.

Азыр Малайзия менен Түркиянын командалары таймашууда.

“Учурда Түркия мамлекети оюнда алдыда баратат. Ал эми эки күндүн жыйынтыгы боюнча жалпы упайлардын саны боюнча Кыргызстан алдыда келе жатат”, - деп айтты ал.

Мелис Музаев белгилегендей, алдыда дагы үч күндүк оюндар бар. Жалпысынан ордо оюну боюнча 12 команда ат салышууда.