Көчмөндөр оюндары: Ош облусу Кырчындагы ордосун даярдоодо — Кабар

Көчмөндөр оюндары: Ош облусу Кырчындагы ордосун даярдоодо

Көчмөндөр оюндары-2026 28 август 2026 17:05
WhatsApp Image 2026-08-28 at 16.55.06 (3).jpeg
copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 28.08.26 /Кабар/. Ош облусунун өкүлдөрү VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата Кырчын жайлоосундагы ордосун даярдап жатышат. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы “Кабар” агенттигине билдирди.

Анда белгиленгендей, Ош облусунун өкүлдөрү 24-августта Ысык-Көл облусуна жөнөп кетишкен. Учурда алар боз үйлөрдү тигип, ордону жасалгалоо жана даярдоо иштерин жүргүзүүдө.

Жалпысынан Ош облусунун ордосуна 17 боз үй тигилет.

Белгилей кетсек, Кырчын жайлоосунда өзүнчө аймакта Кыргызстандын жети облусунун, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын боз үй шаарчалары жайгашат. Белгиленген тартипке ылайык, ар бир облус жана шаар 15тен боз үй тигет.