Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. Талас шаарынын 13 жаштагы тургуну, жаш сүрөтчү Саида Түлөбердиева Эгемендүүлүктүн 35 жылдык мааракеси менен жалпы мекендештерди жүрөктөн чыккан каалоо-тилектери менен куттуктады.
Жаш талант үчүн Эгемендүүлүк – ар бир жаранга, өзгөчө келечек ээлери болгон өсүп келе жаткан муунга тартууланган баалуу белек.
Саида 8 жашында президент Садыр Жапаровдун колдоосу алдында өткөн “Сен мыктысың” республикалык теледолбооруна катышып, өзүнүн өзгөчө таланты менен калыстардын да, көрүүчүлөрдүн да сүймөнчүгүнө айланып, жеңүүчү аталган.