Бишкек, 11.04.26. /Кабар/. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “Мектеп чөйрөсүндөгү зордук-зомбулуктун алдын алуу (укуктук коргоо жана психологиялык-педагогикалык колдоо)” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.
Маалымдалгандай, иш-чарага Кыргызстан, Россия, Казакстан жана Беларустан келген юриспруденция, психология жана педагогика тармагындагы алдыңкы эксперттер катышты.
Конференция билим берүү чөйрөсүндө балдардын коопсуздугун камсыздоо боюнча комплекстүү чечимдерди иштеп чыгууга багытталган. Катышуучулар мектеп окуучуларынын арасындагы кибербуллинг, санариптик куугунтук жана социалдык остракизм (коомдон четтетүү) сыяктуу заманбап чакырыктарды талкуулашты.
Анда социалдык өз ара байланыштагы санариптешүүнү эске алуу менен зордук-зомбулуктун алдын алуудагы салттуу ыкмаларды кайра карап чыгуу зарылдыгы белгиленди. Эксперттер мамлекеттик органдар, билим берүү мекемелери жана илимий коомчулуктун аракеттерин бириктирүү керектигин айтышты. Өзгөчө көңүл мектептин — инсандын укуктук аң- сезим жана психологиялык туруктуулугун калыптандыруучу негизги институт катары ролуна бурулду.
Конференциянын жыйынтыгында бир катар практикалык сунуштарды камтыган резолюция кабыл алынды:
- онлайн-агрессиянын формаларын так классификациялоо жана жоопкерчилик чараларын белгилөө менен кибербуллингге каршы аракеттенүү боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууну демилгелөө;
- ички иштер органдарынын алдын алуу ишмердүүлүгүн күчөтүү, анын ичинде мектептерде антибуллингдик аудитти киргизүү;
- Юстиция министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлигинин катышуусунда “Билим берүү чөйрөсүндөгү зордук-зомбулук фактыларына чара көрүүнүн бирдиктүү протоколун” иштеп чыгуу;
- мектептер менен балдар иштери боюнча инспекциялардын ортосунда ыкчам маалымат алмашуу үчүн “Отчеттуулуктун бирдиктүү терезеси” санариптик платформасын түзүү;
- жогорку класстын окуучуларынын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга багытталган маалыматтык алдын алуу программаларын туруктуу негизде киргизүү.
Иш-чаранын алкагында зордук-зомбулуктун алдын алуунун укуктук, психологиялык жана педагогикалык механизмдерине, ошондой эле педагогдорду даярдоо жана окуучулардын социалдык-эмоционалдык көндүмдөрүн өнүктүрүү маселелерине арналган тематикалык баяндамалар жасалды.
Уюштуруучулар белгилешкендей, сунушталган чараларды ишке ашыруу мектептеги коопсуздуктун натыйжалуулугун жогорулатуу жана өсүп келе жаткан муун үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.