Бишкек, 11.02.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров жарлыкка кол койду, ага ылайык аткаруу бийлигинин органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин түзүмүнө айрым өзгөртүүлөр киргизилди.
Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба тармактарын натыйжалуу өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн эске алуу менен, алардын экономиканын башка тармактары менен өз ара байланышын эске алып, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин базасында Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигин түзүү чечими кабыл алынды.
Мындан тышкары дене тарбия жана спорт чөйрөсүн өнүктүрүүнүн ролун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Дене тарбия жана спорт департаментинин базасында Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигин түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган.
Дене тарбия жана спорт боюнча өз алдынча мамлекеттик органды түзүү каралып жаткан тармакты натыйжалуу өнүктүрүү үчүн ыйгарым укуктарды жана ресурстарды топтоштурууга мүмкүндүк берет, программалардын улантуучулугун, спорттук инфратүзүмдү өнүктүрүүнү камсыз кылат, ошондой эле каралып жаткан чөйрөдө өлкөнүн кызыкчылыктарын эл аралык талаптагыдай көрсөтүүнү камсыз кылат.