Бишкек, 20.01.26. /Кабар/. Куралдуу күчтөрдүн бюджети 2018–2019-жылдарга салыштырмалуу 300%дан ашык өстү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн Коргоо министрлигине унааларды тапшыруу аземинде билдирди.
Адылбек Касымалиевдин айтымында, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгү акыркы жылдары кыйла чыңдалган.
“Бул каражаттар биринчи кезекте материалдык-техникалык базаны чыңдоого, армияны заманбап курал-жарак жана техника менен жабдууга, аскер бөлүктөрүнүн, аскер шаарчаларынын, гарнизондордун инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталды. Заманбап курал-жарактар, аскердик жана атайын техникалар, анын ичинде абадан коргонуу каражаттары жана радиоэлектрондук күрөш системалары сатылып алынган”, - деди минкаб жетекчиси.