Республикалык кан борборунун мурдагы директору кармалды

Коом 559 09 Март 2026 16:33
WhatsApp Image 2026-03-09 at 16.37.46.jpeg
4a0dc09f-76ac-4b38-b7b8-3f87d87511ab.jpg
b13502ed-66b7-4be9-a561-a837d8322de5.jpg
fe1377fd-7a99-47f1-9edb-511ab9d5cffc.jpg
eac52574-a3a7-4f67-bba9-4158dd44791d.jpg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-03-09 at 16.37.46.jpeg
4a0dc09f-76ac-4b38-b7b8-3f87d87511ab.jpg
b13502ed-66b7-4be9-a561-a837d8322de5.jpg
fe1377fd-7a99-47f1-9edb-511ab9d5cffc.jpg
eac52574-a3a7-4f67-bba9-4158dd44791d.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon УКМК

Бишкек, 09.03.26. /Кабар/. Коррупцияга шектелип Республикалык кан борборунун мурдагы директору кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган борбордун 2012-жылдан 2025-жылдын август айына чейин директору болгон 54 жаштагы К.Б.Б. 2020-жылы жеке менчик компаниянын жетекчиси менен алдын ала кылмыштуу бүтүмгө келип, бюджеттик каражаттарды өзгөчө ири өлчөмдө чыгарып кетүүнү көздөшкөн. Алар кымбат баалуу медициналык жабдууларды борборго орнотушкан.

Ошондой эле беш жыл бою реагенттерди жогорулатылган баада жеткирип турушкан. Ал эми каражаттын белгилүү бир бөлүгү директорго берилип турган.

Тергөөдө мурдагы директор жана жеткирүүчү компания мамлекетке 36 млн сом өлчөмүндө зыян келтиргени аныкталды.

Кылмыш ишинин алкагында Республикалык кан борборунун мурдагы директору УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Ал эми жеке компаниянын жетекчисинин аракеттерине тергөөнүн жүрүшүндө укуктук баа берилери айтылды.

Аталган кылмыш иши боюнча коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо максатында ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.