Коргоо министрлигинин аскер кызматкери эл аралык мелдеште чемпион болду

Спорт 1407 13 Январь 2026 10:00
c20e0887-64d5-4ccd-8e9f-512203e452dc.jpg
eae79517-a88a-4611-95be-bc635113ce81.jpg
Алдыга
Артка
c20e0887-64d5-4ccd-8e9f-512203e452dc.jpg
eae79517-a88a-4611-95be-bc635113ce81.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Коргоо министрлиги

Бишкек, 13.01.26. /Кабар/. Кытайдын Лучжоу шаарында өткөн АММА салттуу спорттун жекеме-жеке урушуу боюнча эл аралык мелдеште 77 кг салмак категориясында Коргоо министрлигинин Аскер спорт клубунун улук спортчусу Сыймык Жаныбек уулу биринчиликти багындырды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, чемпионатка 15 өлкөдөн 400дөн ашык спортчу катышты.

Жеңишке жетиши менен Сыймык Жаныбек уулу быйыл Япониянын Нагоя шаарында өтө турган жайкы Азия оюндарына жолдомо алды.

Маалымат үчүн: АММА салттуу спорттун жекеме-жеке урушуу түрү - бул кол кармашып урушуу жана джиу-джитсу спортунун азиялык аналогу болуп саналат.

Бул спорт түрү 2026-жылдын XX жайкы Азия оюндарынын расмий спорттук программасына киргизилген.