Корей компанияларынын көргөзмөсүндө тажрыйба алмашууга шарт түзүлөт

Коом Загрузка... 18 Май 2026 13:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.05.26. /Кабар/. Бишкекте өтө турган түштүк кореялык компаниялардын айыл чарба көргөзмөсүндө тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул тууралуу KDA LLC – Корея жана Кыргызстанды өнүктүрүү ассоциациясынын жетекчиси Ю Донг Юн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын пикиринде, кореялык компаниялар Кыргызстандагы ишканаларга өздөрүнүн жаңы технологияларын тааныштырат.

03418e9b-b2c7-465e-a2aa-658f43c2df0f.jpg
“Бүгүнкү күндө курулушта керектелчү панелдерди чыгарган кореялык компания кыргызстандык ишкана менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Эгерде бул компания Кыргызстанга келип иштей турган болсо, жогорку сапаттагы панелдерди чыгарып, өлкө экономикасына жана курулуш тармагына чоң салымын кошот деген үмүттөмүн”, - деди ал.

Ошондой эле Ю Донг Юн көргөзмөдө айыл чарбасына керектүү жабдуулар коюларын айтып, аны кыргызстандыктар иштетип көрүп, буюртма да бере алышарын белгиледи.