Кооз дата: Кечээ өлкө боюнча 244 түгөй баш кошту

Коом 27 август 2026 14:55
Кооз дата: Кечээ өлкө боюнча 244 түгөй баш кошту

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.08.26. /Кабар/. Күн мурун, 26-августта өлкө боюнча 244 жуп баш кошту. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине “Кызмат” мамлекеттик мекемесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул күнү өзгөчө кооз датага туура келгендиктен, жаштардын активдүүлүгү жогору болгон. Анын ичинен бир гана Бишкек шаарында 118 түгөй баш кошуп, үй-бүлө отун тутантты.

Белгиленгендей, акыркы жылдары жубайлар никеге туруу күнүн пландоодо мындай кооз же эсте каларлык даталарга өзгөчө көңүл бурууда.