Көңүл бургула! ӨКМ 12-14-март күндөрү республикалык машыгуу өткөрөт

Коом Загрузка... 11 Март 2025 16:51
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 11.03.25. /Кабар/. Өлкөдө 12-14-март күндөрү сел кырсыгын алдын алуу максатында республикалык машыгуу өтөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, президент С. Жапаровдун “2025-жылга Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жаатындагы пландарды бекитүү жөнүндө” жарлыгынын негизинде министрлик 12-14-март күндөрү, Жарандык коргонуунун башкаруу органдары менен Чүй облусунун аймагында республикалык команда-штабдык машыгуу өткөрөт.

Машыгуу сел кырсыгын алдын алуу, кесепеттерин жоюу темасында өтүп, жарандык коргонуу мамлекеттик системасынын натыйжалуу иштешин жогорулатуу, алдын алуу иш-чараларын өз убагында жүргүзүү жана мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгын камсыз кылуу, адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана материалдык зыянды төмөндөтүү максатын көздөйт.

Ошондой эле алдын ала берилген шашылыш билдирүүлөрдү калкка кабарлоо, катталган кырсыктын масштабына жараша жергиликтүү бийликтин, жарандык коргонуу кызматтарынын даярдыгы, иш-аракеттеринин конкреттүү алгоритмин текшерүү менен баалоо болуп саналат.

Белгилей кетсек, өткөн жылы өлкөдө 339 сел кырсыгы катталып, андан 22 адам каза тапса материалдык чыгым 1 млрд 255 млн 27 миң сомду түзгөн.