Китеп маселеси: Документтер текшерилип, күнөөлүүлөр жооп берет

Коом 18 сентябрь 2026 16:20
Китеп маселеси: Документтер текшерилип, күнөөлүүлөр жооп берет
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бищкек, 18.09.26. /Кабар/. Мамлекеттик мектептердин окуучуларына бекер жетиши керек болгон китептердин базарларда сатылып жатканы боюнча текшерүү башталды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Ал белгилегендей, мектепке жетиши керек болгон китеп базарга кантип чыгып кетти деген суроолордун ар бирине так жооп берилиши керек.

"Канча китеп басылды, ким кабыл алды, кайда жөнөтүлдү, кайсы мектепке канчасы жетти жана мектепке жетиши керек болгон китеп базарга кантип чыгып кетти деген суроолордун ар бирине так жооп берилиши керек. Баары документтер менен текшерилип, күнөөлүүлөр сөзсүз жооп берет. Азыр министрликпи, басмаканабы же башка мекемеби деп чиновниктер бири-бириңерди күнөөлөп отура турган учур эмес. Биринчи милдет балдарды китеп менен камсыз кылуу", - деди ал.

Ошондой эле Аскат Алагөзов текшерүүнүн жыйынтыгы менен ким өз милдетин аткарбай койгонуна министрлер кабинети тиешелүү баасын берип, чечим кабыл алышы керектигин айтты.