Бишкек, 18.12.25. /Кабар/. Былтыр керектөөчүлөрдүн укугун коргоп, 16 млн сом кайтарып берилди. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси Жээналы Орозбаев “Кабар подкаст” берүүсүндө билдирди.
Ал белгилегендей, өз укугун коргоп керектөөчүлөрдүн бардыгы эле кайрыла бербейт. Негизинен кайрылгандардын 96%ынын маселеси чечилип берилет. Көбүнчө чечимдер керектөөчүлөр тарапка болот.
"Кайрылууларды кароо оңой иш эмес, кыйынчылыктар бар. Эки тарап тең туура кылганын айтышат. Анан ошону мыйзамга туура келтирип, туура эместигин далилдеш керек. Мисалы, сатып алуучу алган кийимин 14 күндүн ичинде кайра алып барууга толук укугу бар. Сатуучу анын сураган түстөгү же өлчөмдөгү кийимди бериши керек же төлөнгөн акча каражаты кайтарылышы зарыл. Бирок, сатылып алынган товардын алгачкы абалы кандай болсо, ошондой абалда алып барыш кажет. Биз мына ушундай учурлар боюнча түшкөн кайрылууларды карап чыгып, каражатын кайтартып берип жатабыз. Былтыр 16 млн сом керектөөчүлөргө кайра берилди. Бир жылда негизинен керектөөчүлөрдүн укугун коргоонун алкагында 10 млн сомго чейин каражат кайтарылат.
Албетте, керектөөчүлөр туура эмес кылган учурлар да болот. Ошондойэле азыр байкасаңыздар, “сатылып алынган товар кайра алынбайт” деген жазуулар илинип калат. Муну жазганды өзү да туура эмес жана мыйзамда андай жок. Керектөөчүлөр сатылып алынган товарды кайтарып бергенге мүмкүнчүлүгү бар. Бирок кайтарганга болбой турган товарлардын да тизмеси бар. Буларга мисалы, косметика каражаттары, эмерек, дары-дармек жана башкалар кирет. Аларды сатуучу кайтарып албайт ”, - деп белгиледи Жээналы Орозбаев.