Бишкек, 28.01.25. /Кабар/."Кепилдик фонд" ААК 2022-жылдын башынан ушул жылдын 28-январына чейин "Микро, чакан жана орто ишканаларды өзгөчө колдоо" долбоорунун №2 "Портфелдик тобокелдиктерди бөлүштүрүү механизми" компонентинин алкагында 7 208 портфелдик кепилдиктерди берген.
Фонддун маалыматына караганда, кепилдиктердин жалпы суммасы 2 млрд 408 млн сомду түзгөн.
Бул колдоо аркылуу өнөктөш банктар ишкерлерге 5 млрд 512 млн сомдон ашык кредит берип, Кыргызстанда бизнести өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачышты.
Дүйнөлүк банктын долбоору КР Финансы министрлиги тарабынан агент катары чыккан "Кепилдик фонд" ААК менен биргеликте ишке ашырылууда. "Портфелдик тобокелдиктерди бөлүштүрүү механизми" аркылуу Кепилдик фонд портфелдик кепилдиктерди берип, ишкерлерге ыңгайлуу шарттарда каржылоого оңой жетүүгө жардам берет.
Долбоордун алкагында Кепилдик фонд өнөктөш банктар менен кызматташуу боюнча 8 келишимге кол койду. Бул документтер портфелдик кредиттик кепилдиктерди берүүнүн тартибин жана шарттарын аныктайт. Портфелдик тобокелдикти бөлүштүрүү механизми финансылык институттарга кредиттерди төлөй албай калуу тобокелдигин азайтууга жана кредиттөө процедураларын жөнөкөйлөштүрүүгө жардам берет.