Бишкекте эки төлөм уюмуна айып салынды

Экономика 29 январь 2025 16:06
Бишкекте эки төлөм уюмуна айып салынды

Бишкек, 29.01.25. /Кабар/. Бишкектеги эки төлөм уюмуна айып салынды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей, КР мыйзам талаптарын жана Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан эки төлөм уюмуна жалпы суммасы 110 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.