Этият болуңуз! Кене чагып алса эмне кылуу керек жана андан коргонуунун жолдору

Ден соолук Загрузка... 30 Март 2026 17:40
kleshh.jpg
copyright icon www

Жаз келип, күн жылыр замат жарандар жаратылышка эс алууга шашылат. Бирок бул убакта кененин кооптуулугун өтө этибарга ала беришпейт. Кене энцефалити – борбордук нерв системасын жабыркатуучу, курч кармаган жугуштуу вирустук оору. Вирус адамга кене чакканда жугат, анткени ал оорунун вирусун алып жүрүүчү болуп саналат. Бул ирет "Кабар" агенттиги кене энцефалити тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун дарыгерлеринин кеңешин сунуштайт.

Кене энцефалитин кантип жуктуруп алышыбыз мүмкүн?

  • Жаратылышка эс алууга чыкканда;
  • Кене жабыштырып алган жаныбарлар (ит-мышыктар) аркылуу;
  • Вирустук кене энцефалити боюнча кооптуу аймактарда эчки, кой, уйдун чийки сүтүн пайдаланууда;
  • Кенени өлтүргөндө же ал чагып алган жерди тырмаган учурда.

Жаз келгенден баштап күз мезгилине чейин адамдар үчүн ооруга чалдыгуу коркунучу сакталат. Анткени бул мезгилде кенелер активдүү болот. Инкубациялык мезгили көп учурда 7–14 күн, кээде 1 күндөн 60 күнгө чейин созулат.

Кыргызстанда вирустук кене энцефалитинин табигый байырлаган жерлери бардык климаттык аймактарда аныкталган. Өзгөчө Чоң-Кеминдеги карагайлуу жерлер, Күңгөй Ала-Тоо, Тескей Ала-Тоо, Кыргыз тоо кыркалары абдан кооптуу. Андан сырткары, жарым-жартылай ээн талаадагы очоктордун 17ге жакын түрү кеңири кулач жайган. Булар: Токмок коругунун аймагы, Чүй районундагы Кегети капчыгайы, Аламүдүн районундагы Ала-Арча капчыгайы, Ысык-Ата районундагы Альп лагери, Түп өрөөнү, Ысык-Көл райондору, Талас өрөөнүндөгү жана Ферганага жакын жайгашкан аймактар, борбордук Тянь-Шандын Нарын дарыясынын жайылмасындагы уюктар.

Оорунун негизги белгилери кандай?

  • Оору катуу башталат, дененин температурасы 38–40 °Сге чейин көтөрүлөт;
  • Интоксикация симптомдору, тагыраак айтканда, катуу алсыздык, чарчоо, уйкунун бузулушу байкалат;
  • Чыдатпай баш ооруйт;
  • Жүрөк айланат, бейтап кусат;
  • Бет, моюн, тулку бой кызарып чыгат;
  • Кол-буттун кыймылдары бузулат;
  • Жүрөк-кан тамыр жана ичеги-карын системаларынын иштөөсү бузулат;
  • Вирус жуктуруп алган адам аң-сезимин жоготот.

Оору ден соолуктун кескин начарлашына, майыптыкка же өлүмгө чейин алып келиши мүмкүн.

aaa082d2257ab65aecf61c2340e9c5b9_XL

Кене энцефалитинен кантип коргонуу зарыл?

Кене энцефалити менен ооруп калбаш үчүн өзгөчө жана жөнөкөй профилактикалык эрежелерди сактоо сунушталат.

Оорунун алдын алуунун жөнөкөй чаралары: Кийимдин жакасы жана жеңи аркылуу кенелердин кирип кетүүсүнөн абайлаңыз. Жаратылышка эс алууга чыкканда ыңгайлаштырылган кийимдерди кийүү сунушталат. Көйнөктүн жеңдери узун болуп, шымдын багалегин байпакка киргизүү керек. Баш жана моюнду жоолук менен жаап коюу сунушталат. Кенелерден коргонуу үчүн чочутуучу каражаттарды дененин ачык бөлүктөрүнө колдонуп жана кийимге чачуу керек.

Каражаттарды колдонуудан мурун нускамасы менен таанышуу зарыл. Андан сырткары, чийки сүт азыктарын кайнаткандан кийин гана ичүү сунушталат. Ошондой эле андан даярдалган быштак, каймак жана башка азыктар дагы кооптуу боло тургандыгын белгилей кетүү керек.

Оорунун өзгөчө алдын алуу чаралары — эмдөө. Вирустук кене энцефалитине каршы эмдөө эндемикалуу очоктордо иштеген айрым кесип ээлерине же ал жерлерге баруучуларга (иш сапарына аттангандар, геологдор, туристтер ж. б.) жасалат.

Кене чакса эмне кылуу керек жана кайда кайрылуу зарыл?

Өз убагында медициналык кызматкерлерге кайрылып, 72 сааттын ичинде вирустук кене энцефалитине каршы адамдын иммуноглобулинин (вакцина) алуу зарыл.

25i326cmf4zw8z13jvfhax3svi2xild4

Кенени алып салууда төмөнкү эрежелерди сактоо керек:

  • Кенени пинцет же таза дакиге оролгон манжалар менен кармап, чаккан жерине так перпендикуляр кылып, кененин денесин огунун тегерегине айлантып, териден акырын чыгаруу зарыл.
  • Чаккан жерди атайын каражаттар менен (70% спирт, 5% йод) дезинфекциялоо шарт.
  • Кенени алып салгандан кийин колду самын менен жакшылап жуу сунушталат.
  • Алынган кенени изилдөө үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине же мекеменин аймактык борборлоруна жеткирүү керек.