Бишкек, 31.01.25. /Кабар/. Келерки окуу жылында төрт класс 12 жылдык окуу программасына кошулат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Фариза Солтогулова “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, 2025-2026-окуу жылында 6 жашка (2019-жылы төрөлгөн балдар) толгон балдар 1-класска кирет. Алар милдеттүү түрдө мектепке барышы керек. Себеби, алар үзгүлтүксүз эвалюция жолу менен окушат. Ал эми 7 жашка толгон балдар 2-класска секирет.
“Азыркы тапта алар мектепке чейинки окуу программасын окуп жатышат. Демек, алар жазганды, сүрөт тартканды билишет. Ошондуктан биз бул балдарды 2-класска секиртебиз. Булар да эвалюция жолу менен мындан ары секирик жасабай окушат”- деп билдирди Фариза Солтогулова.
Ошондой эле быйыл 2 класс секирик жасайт. Алар азыркы учурда 3-классты жана 6-классты окуп жаткан окуучулар. Тагыраагы, 3-классты окуп жаткан окуучулар 2025-2026-окуу жылында 5-класска секирет. Бирок алар 4-класстын жаңыртылган, башка мазмундагы программасын окушат. Ал эми азыркы учурда 6-классты окуп жаткандар келе жаткан окуу жылында 8-класска секиришет. Бирок алар 7-класстын программасын окушат.
Билим берүү министрлигинин адиси 12 жылдык окуу методу толугу менен мектептерде 3 жылдын ичинде киргизилерин билдирди.