Бишкек, 21.08.26. /Кабар/. "Кызмат" мамлекеттик мекемеси VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине билет сатып алууда акча каражаты эсептен чыгарылып, бирок электрондук билет түзүлбөй калган учурларга түшүндүрмө берди.
Мекеменин маалыматына караганда, айрым учурларда төлөмдүн статусу тууралуу маалымат билет системасына кечигип түшүп, анын айынан каражат эсептен чыгарылганы менен электрондук билет өз убагында түзүлбөй калган.
Мындай учурда төлөм операциясы кошумча текшерүүдөн өтүп, анын жыйынтыгында каражат тейлөөчү банк аркылуу сатып алуучунун банктык картасына же эсебине автоматтык түрдө кайтарылат.
"Учурда маалыматтык системалардын өз ара иштешүүсү оптималдаштырылып, транзакцияларды финансылык уюмдар менен автоматтык түрдө салыштырып текшерүү жүргүзүлүүдө. Бардык финансылык операциялар көзөмөлдө",-деп айтылат маалыматта.
Акча каражаты кайтарылбаган учурда сатып алуучулар +996 880 000 258, +996 880 000 259, +996 880 000 218, +996 880 000 219 WhatsApp номерлерине же ticket-support@gukyzmat.gov.kg электрондук дарегине кайрыла алышат.
Учурда билет системасы штаттык режимде иштеп жатат.