Көчмөндөр оюндары: Жалпы 1577 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү

Ден соолук 7 сентябрь 2026 12:05
Көчмөндөр оюндары: Жалпы 1577 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 07.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда жеринде 1 577 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, медициналык камсыздоого 340тан ашуун медицина кызматкери тартылган. Мындан тышкары, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн алкагында негизги беш жайдан сырткары спортчулар жана оюндардын катышуучулары жайгашкан 20дан ашык объект текшерүүгө алынды.

Аталган объектилерде 3 684 лабораториялык изилдөө жүргүзүлдү.

"VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын коопсуз жана ийгиликтүү өтүшүнө салым кошкон медицина кызматкерлеринин эмгеги анын тарыхынын бир бөлүгү болуп калды", - деп айтылат маалыматта.