Көчмөндөр оюндары: Ыктыярчылар үчүн тиркеме иштелип чыкты

Көчмөндөр оюндары-2026 27 август 2026 17:50
none-251234522.webp
copyright icon www

Бишкек, 27.08.26. /Кабар/. "Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасынын адистери VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ыктыярчылары үчүн атайын “Volunteer” санариптик тиркемесин иштеп чыгышты.

Мэриядан билдиришкендей, жаңы сервис ыктыярчылар үчүн ыңгайлуу иш куралы болуп, оюндар өтүп жаткан мезгилде керектүү маалыматтарды ыкчам алууга жардам берет.

Тиркеме аркылуу ыктыярчылар иш-чара өтүүчү аянтчаларда оңой багыт алып, уюштурулган иштердин программасы, өткөрүү убактысы жана башка маанилүү маалыматтар менен тааныша алышат.

Мындан тышкары, тиркемеде кайрылууларды ыкчам жөнөтүү мүмкүнчүлүгү каралган. Ар кандай кырдаал жаралган учурда кайрылуу тиешелүү кызматтарга жөнөтүлүп, алар тарабынан өз убагында чара көрүүгө жана зарыл жардам көрсөтүүгө шарт түзүлөт.