Катардын жээгинде кемеде Кыргызстандын 67 жараны бар

Коом 603 02 Март 2026 14:41
katar-history.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_2026-03-02_at_13.52.07.width-800.jpg
Алдыга
Артка
katar-history.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_2026-03-02_at_13.52.07.width-800.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек, 02.03.26 /Кабар/. Катардын жээгиндеги кемеде учурда Кыргызстандын 67 жараны бар. Алар 7-мартка чейин ошол жакта жайгашып турат. Бул тууралуу Кыргызстандын Катардагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Шумкарбек Курсанов билдирди.

Ал белгилегендей, кырдаал курчуп кете турган болсо, координациялык штабдын көрсөтмөсү боюнча иштер жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, Курсановдун пикиринде, Катарда Кыргызстандын 800 жараны жашап жана иштеп жатат. Алардын 20сы мейманканаларда, калгандары үйлөрүндө.