Катарда круиздик лайнерде калган жарандар Эр-Рияддагы аэропортко келишти

Коом Загрузка... 08 Март 2026 14:03

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек. 08.03.26. /Кабар/. Катарда круиздик лайнерде калып калган кыргызстандыктар Бишкекке учуп келүүгө камданууда. Бул тууралуу Эр-Рияддагы аэропортто турган жарандар билдиришти.

Алардын айтымында, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу алар кемеде жети күн болушкан.

Кыргыз жарандары президент Садыр Жапаровго мекенге алып кетүү иштеринин уюштурулушу үчүн ыраазычылыгын айтышты.

“136 жарандын атынан ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Биздин абалга өзгөчө маани берип, кабар алышты. Бизге төрт автобус жөнөтүп, Эр-Рияд шаарына түнү менен алып келишти. Баарыбыз мейманканага жайгаштык. Азыркы тапта биз аэропортто турабыз”, - деп айтышты жарандар.

Белгилей кетсек, күн мурун президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Катарда круиздик лайнерде калган кыргызстандыктар бүгүн Бишкекке учуп келерин билдирген. Ошондой эле ал президент Садыр Жапаров Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү акыркы кырдаалдан улам ал жакта калып кеткен жарандарды Кыргызстанга алып келүү тапшырмасын берип, уюштуруу иштери жеке көзөмөлүндө экенин айткан.