Кардиохирургияга буга чейин өрт коопсуздук эрежеси боюнча эскертүү берилип, айып да салынган

Коом Загрузка... 12 Февраль 2025 13:25
IMG-20250211-WA0023_EawCQLo.2e16d0ba.fill-800x500.jpg
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек,12.02.25./Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илим изилдөө институтуна буга чейин өрт коопсуздук эрежелерин бузууларды четтетүү тууралуу эскертме берилип, кийин айып да салынганын билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, өрт коопсуздугунун алдын алуу, материалдык чыгымдарга жол бербөө максатында 2024-жылдын 26-мартында №00-03 текшерүү актысынын негизинде пландуу текшерүү жүргүзүлүп, 18 пункттан турган бузууларды четтетүү тууралуу эскертме жазуулар берилген.

Жыйынтыгында эскертме жазуулар толук кандуу аткарылбагандыктан “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 143-беренесине таянып 230 көрсөткүч эсебинде 23 миң сом административдик айып салынган. Мындан тышкары текшерүүнүн негизинде эки суу алуучу гидрант оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, ишке киргизилген.

Эске салсак, кечээ, 11-февраль күнү кечинде аталган институттан өрт чыгып, операциядан кийин ооруканада жаткан 1 жаш 7 айлык наристе жана 16 жаштагы өспүрүм Кардиологиянын жандандыруу бөлүмүндө каза тапкан.