Кардиохирургия институтундагы өрт. Эки бала каза таап, 9 киши иске ууланды

Кырсык Загрузка... 12 Февраль 2025 10:48
WhatsApp_Image_2025-02-11_at_22.18.2e16d0ba.fill-800x500.jpg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.02.25. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо институтунан эвакуацияланган бейтаптардын абалы тууралуу айтты.

Ведомствонун маалыматы боюнча, ооруканада өрт чыккан учурда 104 адам болгон. Алардын 50сү бейтап, анын 19у бала, оорулуулардын карап жаткан 32 адам жана 22 кызматкер экени кабарланды.

Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо институтундагы 31 бейтаптын ичинен 12 бала Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна которулду.

Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө эки бейтап, М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна 15 бейтап жайгаштырылган, анын сегизи чоң киши жана жетөө жаш балдар. Операцияга даярдалып жаткан 19 бейтап үйүнө чыгарылды.

Дарыгерлердин жасаган аракеттерине карабастан, операциядан кийин ооруканада жаткан 1 жаш 7 айлык наристе жана 16 жаштагы өспүрүм Кардиологиянын жандандыруу бөлүмүндө каза тапты.

Бүгүн, 12-февралда Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы балдардын абалы туруктуу деп бааланууда. Алар дарыгерлердин көзөмөлүндө.

М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда 11 оорулуу бар, алардын 14ү жаш балдар, анын ичинен эки баланын абалы оор.

Улуттук госпиталда жаткан 2 бейтаптын абалы орточо оор деп бааланууда, дарылануусун улантып жатат.

Бейтаптардан тышкары, өрттүн кесепетинен улам 9 адам жабыркаган, алар уулангандыктан ооруканага жаткырылган. Анын ичинен жетөө медицина кызматкери, дагы эки адам бейтаптарды карап жаткандардан.

4 медицина кызматкеринин абалы канааттандырарлык, үчөөсүнүн абалы туруктуу. Алар Тез жардам клиникалык ооруканасынын токсикология бөлүмүндө жатат.

Өрттүн кесепеттерин жоюуга Саламаттык сактоо министрлигинин медкызматы, ӨКМ жана ИИМдин кызматкерлери тартылды. Бишкек шаарындагы медициналык мекемелер күчөтүлгөн режимде иштөөгө өттү. 6 психолог бейтаптарга жана алардын туугандарына колдоо көрсөттү.