Каражаттын жогунан олуттуу тарыхый тасмалар тартылбай жатат - Сүйүн Откеев

Интервью Загрузка... 03 Февраль 2025 15:00
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Сүйүн Откеевдин жеке сүрөттөрү

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

1941-жылы 17-ноябрь күнү "Кыргызфильм" киностудиясы түптөлүп, ишке кирген. Улуттук кино советтик мезгилде "Кыргыз керемети" деген ат менен бүткүл союзда эң алдыңкы орунда турган. Кино – ары татаал, ары терең искусство. Тартылган сүрөттүн чебери сүрөтчү болсо, тасманын чебери режиссер экендиги анык. Бул ирет “Кабар” маалымат агенттиги кыргыз журтуна өз тасмалары менен таанымал болуп калган белгилүү режиссер Сүйүн Откеев менен маданияттын бир бөлүгү болгон кыргыз киносунун учурдагы абалы, күңгөй-тескейи тууралуу баарлашты.

WhatsApp Image 2025-02-03 at 11.37.15.jpeg

Саламатсызбы! Оболу сөздү азыркы кыргыз киноиндустриясынан баштагым келип турат. Режиссер катары бүгүнкү кыргыз киносунун абалына кандай баа бересиз? Эмнеге жетиштик, кыргыз киносу эмнеден аксап жатат?

— Саламатчылык. Кыргыз киноиндустриясынын учурдагы абалы жакшы. Жылдан-жылга кыргыз кинолорунун сапаты жакшырып келе жатат. Өзгөчө техника жактан алганда жакшы сапаттуу тасмалар чыга баштады. Ал эми Кыргызфильм тарабынан тартылган автордук жанрдагы тасмалар дагы өтө бийик деңгээлде болбосо дагы орто деңгээлдеги эл аралык фестивалдардын жакшы орундарды алып келип жатышат. Жалпылап айтканда азыркы кыргыз киноиндустриясы өнүгүү жолунда бара жатат.

WhatsApp Image 2025-02-03 at 11.37.15 (1).jpeg

— Байкасак, акыркы жылдары коммерциялык максатты көздөгөн кинолор биринин артынан бири чыгып атат. Режиссёрлордун күнүмдүк майда темадан көтөрүлө албай жатышына эмне себеп деп ойлойсуз? Олуттуу, тарыхый кинолорду тартууга эмне тоскоолдук болууда?

— Ооба, туура айтасыз. Акыркы убактарда эле эмес тээ эгемендүүлүкккө ээ болгондон тарта эле коммерциялык тасмалар кыргыз киносун жандантты десек болот. Себеби, мамлекет тарабынан тартылган тасмалар дээрлик жокко эсе. 2-3 жылда араң бир кино тартылат. Азыр кыргыз эли кандай кино көрүп жаткан болсо, бул ошол жеке студиялар тарткан коммерциялык тасмалар болууда. Ал эми тарыхый олуттуу тасмалар өтө чоң каражатты талап кылат. Албетте, тарыхый тасмаларды элдин баары көргүсү келет. Андай масштабдуу тасмалар мамлекеттин колдоосу менен гана тартылбаса, жеке студиялардын андай каражатты табууга күчү жетпейт. Ошондуктан учурда тарыхый тасмалар тартылбай жатат. Болбосо, мен тааныган ар бир режиссер тарыхый тасманы тарткысы келет. Режиссерлор менен кыргыз тарыхындагы бул окуяны же бул тарыхый инсанды тартсак деп ич ара сүйлөшүп эле жүрөбүз. Быйыл мен өзүм аракет кылып, бир тарыхый долбоор баштап жатам. 1917-1924-жылдардагы Кара-Кыргыз автономиялуу облусу кандай түзүлгөнү тууралуу сериал тартууну туура көдүм. Буга чейин мамлекет башчы дагы беш кишини журт атасы деп айтканы бар эмес беле. Ошол тарыхый инсандар тууралуу сериал тартылат. Режиссердук кызматты мен өзүм алып барам.

WhatsApp Image 2025-02-03 at 11.32.34.jpeg

Сиздин пикириңизче кино тармагын көтөрүү үчүн кандай иш-аракеттер жасалышы керек?

— Деген менен, мамлекет соңку жылдары кино тармагына өзгөчө көңүл бура баштады. Жакшы каражат бөлө баштады. Эми буюрса, мыкты ири долбоорлор биринин артынан бири башталат. Анткени, кыргыз кино тармагында таланттуу режиссерлор, продюсерлер аябай эле көп. Чакан эле каражатка тасмаларды тартып ийгиликтерди алып келип жатышат. Биздин тасмалар коңшу өлкөлөрдө үзүлбөй көрсөтүлүп жатат. Мамлекет тараптан каражат жагынан эле мындан ары да колдоолор көрсөтүлсө, бизди алдыда чоң-чоң ийгиликтер күтүп турат.

WhatsApp Image 2025-02-03 at 11.34.32.jpeg

— Азыркы учурда кыргыз киноиндустриясындагы мыкты үч секирикти айтып берсеңиз?

— Биринчиси бул коңшу коңшу өлкөлөрдө көрсөтүлгөн кыргыз тасмаларынын саны аябай көбөйдү. Жок дегенде эле жылына 3-4 тасманы алып барып жатышат. Бул деген кыргыз тасмасынын экспортко чыга башташынан кабар берет. Экинчиси бул өлкөдөгү кинотеатрлардын көбөйүшү. Анан албетте, элдин кыргыз киносуна болгон талабынын күчөшү. Сапатсыз кино болсо, эл көрбөй коюп жатат. Бул элдин режиссерлор, продюсерлерге болгон талаптарынын жогорулап жатканын түшүндүрөт. Үчүнчүсүнө кыргыз кино продюсерлери үчүн түзүлгөн атайын ассоциацияны айта алам. Учурда кыргыз кино тармагындагылардын укуктары ушул жакта корголо баштады. Тагыраагы, баары биригип бир муштум боло баштады. Бул ассоциациянын дагы келечеги аябай чоң.

— Тасма жаатында кандай эл аралык сыйлыктарга ээ болдук?

—Тилекке каршы өтө чоң эл аралык сынактарда байге ала элекпиз. “А” категориясындагы “Кан”, “Венеция” же болбосо “Берлин” өңдүү топ үчтөгү фестивалдардагы эл аралык сыйлыктарга ээ боло элекпиз. Ал эми орто деңгээлдеги сынактардан алып келип жатышат. Бул дагы болсо жакшы көрсөткүч.