Караколдон унаа уурдап качкан шектүү Ак-Суу айылынан кармалды

Укук тартиби Загрузка... 11 Март 2025 13:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы

Бишкек, 11.03.25. /Кабар/. Караколдон унаа уурдап качкан шектүү Ак-Суу айылынан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Каракол шаарынын Масалиев көчөсүндө жайгашкан “Санжыра” кафесинин алдында токтоп турган “ВАЗ-2107” үлгүсүндөгү унааны 10-марттан 11-мартка караган түнү белгисиз адамдар айдап качып кеткен.

Бул факты боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында Каракол шаардык жол кыймылынын коопсуздугу камсыздоо бөлүмүнүн өздүк курамы тарабынан кылмыштын изи сууй электе 40 жаштагы Ж.Д.Т. аттуу жаран Ак-Суу айылынан кармалды.

Шектүү Каракол ШИИБнин тергөө кызматына өткөрүп берилди.