Бишкек, 28.08.26. /Кабар/. Акыйкатчынын Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Каракол шаарындагы коомдук тамактануу жайларында иштеген 15-17 жаштагы өспүрүмдөрдүн эмгек укуктары бузулганын аныкташты.
Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, мониторинг учурунда айрым өспүрүмдөр менен эмгек келишими түзүлбөгөнү жана ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу алынбаганы белгилүү болгон.
Мындан тышкары, иш берүүчүлөр идиш сындыруу, жумушка кечигүү жана башка тартип бузуулар үчүн өспүрүмдөрдүн эмгек акысынан айып пул катары акча кармап келишкен.
"Ошондой эле өспүрүмдөрдүн жумуш убактысы мыйзамда белгиленген нормадан ашканы аныкталган. Айрымдары саат 10:00дөн 22:00гө чейин иштеп келишкен", — деп айтылат маалыматта.
Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери өспүрүмдөргө эмгек укуктарын түшүндүрүп, иш берүүчүлөргө мыйзам талаптарын сактоо зарылдыгын эскертишти.