Кара-Сууда айыл өкмөттүн кызматкерлери 2,4 млн сомду мыйзамсыз пайдаланышкан

Укук тартиби Загрузка... 30 Январь 2025
7K7A7309-Enhanced-NR_u6MgbzG.original.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 30.01.25. / Кабар/. Кара-Сууда айыл өкмөттүн кызматкерлери 2 млн 400 миң сомду мыйзамсыз иштеткен деп айыпталууда.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Ош областынын Кара-Суу районунун Ынтымак (мурдагы Кызыл-Суу) айыл өкмөтүндө жүргүзүлгөн текшерүүдө, айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлери 2023-жылдын февралынан баштап 2024-жылдын январына чейинки мезгилде айыл өкмөттүн кызматкерлерине айлык акы катары көрсөтүү менен жалпы 2 млн 402 миң 877 сомдук акча каражатты мыйзамсыз которушуп, өздөрүнүн кызыкчылыгына пайдаланышып, ири өлчөмдөгү зыян келтиришкендиги аныкталган.

Аталган факт боюнча Ош областынын прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси менен кылмыш иш козголуп, тергөө Кара-Суу РИИБнин Тергөө кызматына тапшырылып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.